> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги кафе, ресторан жана дүкөндөргө санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн айып пул салынды
- URL: https://im.kg/all/2021/07/02/bishkektegi-kafe-restoran-zhana-d-k-nd-rg-sanitardyk-normalardy-buzgandygy-ch-n-ajyp-pul-salyndy/
- Published: 2021-07-02T13:00:02.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:28:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек мэриясы бир катар кафе-ресторандарга жана дүкөндөргө маска режимин сактабагандыгы, кире бериште дезинфекциялык килемдердин жоктугу, антисептиктер жана кызматкерлердин саламаттыгын сактоо китеби жоктугу үчүн айып пул салды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.**

**3 миң сомдук айып пулдар** «Арпа», «Кавказский дворик», «Вкус востока», «Арсан», «Империя пиццы», Beef burgers кафелерине жана «Асман», «Насип» ресторандарына салынды. Андан тышкары, Brand Mix (ТРЦ «Азия Молл»), Skill ( «Бишкек Парк» СБ), Greyder («Бишкек Парк» СБ) дүкөндөрүнө, «Фрунзе» («Бишкек Парк» СБ), «Бимар» супермаркети, «Fix Price» дүкөндөрү да санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузган.

Ошондой эле, «Народный» соода үйүнүн эки филиалына, «Партнер KG» компаниясынын филиалдарына, «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293-беренеси боюнча 13 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.