> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанга 2 млн долларлык мобилдик медициналык топтомдор берилди
- URL: https://im.kg/all/2021/07/02/kyrgyzstanga-2-mln-dollarlyk-mobildik-medicinalyk-toptomdor-berildi/
- Published: 2021-07-02T10:29:35.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:34.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Ден-соолук кербени» долбоорунун алкагында Кыргызстанга 2 млн долларга мобилдик медициналык комплекстер (автопоезддер) тапшырылды, долбоор гранттык негизде Евразия Турукташтыруу жана Өнүктүрүү Фонду (ЕТӨФ) тарабынан каржыланат, анын каражаттарын Евразия Өнүктүрүү Банкы (ЕӨБ) башкарат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

> Эң заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган мобилдүү медициналык комплекстер, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына, ошондой эле КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук ооруканага жиберилет, алар өлкөнүн түштүк жана түндүк региондорунда кызмат кылат.

«Ден-соолук кербени» долбоорунун максаты – ар кандай ооруларды, анын ичинде эрте баскычта аныктоо үчүн даректүү профилактикалык текшерүүлөрдү уюштуруу аркылуу айылдык жана жетүүгө кыйын аймактардын калкынын арасында ооруларынын алдын алуу жана табууну жакшыртуу болуп саналат.

Долбоор ошондой эле автопоезддер үчүн зарыл болгон ченемдик жана техникалык документтерди, анын ичинде техникалык регламенттерди, иштөөнүн типтүү жол-жоболорун, санитардык-эпидемиологиялык стандарттарды, эпидемиологиялык маалыматтарды талдоонун негизинде профилактикалык текшерүүлөрдүн пландарын иштеп чыгууну карайт. Иштелип чыккан документтер автопоезддерди колдонууга жана эпидемиянын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга мүмкүндүк берет.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/07/162512932760dd816f75483-1024x576.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/07/162512932760dd816f75483.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/07/162512932460dd816cafea6-1-1024x576.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/07/162512932460dd816cafea6-1.jpg)