> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өсүмдүк майынын баасы өсүүдө – Улутстатком
- URL: https://im.kg/all/2021/07/02/s-md-k-majynyn-baasy-s-d-ulutstatkom/
- Published: 2021-07-02T14:52:49.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:34.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Өсүмдүк майынын баасы күн санап өсүүдө. Үстүбүздөгү жылдын 30-июнуна карата күн карама майынын чекене баасы республика боюнча орточо 181.77 сомду түзгөн жана бул өткөн айга салыштырмалуу 2.6 эсеге өскөн. Мындай маалыматты Улутстатком берди.**

> Ал эми пахта майына болгон баалар 1 кг үчүн 176.26 сомду түзүп, өткөн айга салыштырмалуу 3.8 эсеге өскөнүн көрсөттү.

Күн карама майына карата чекене баалар орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп Исфана (190.01 сом), Жалал-Абад (189.07 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми ага карата минималдуу баалар Өзгөн (163.59 сом), Кара-Балта (163.97 сом) жана Талас (167.24 сом) шаарларында катталды.

> Күн карама майына болгон баалар өткөн айга салыштырмалуу Жалал-Абад шаарында – 6.3%га, Талас шаарында –4.9%га, Токтогул шаарында – 4.3%га жогорулаган.

Пахта майына болгон чекене баалар Токмок (198.88 сом), Жалал-Абад (187.38 сом), Исфана (183.90 сом), Токтогул (178.93 сом) шаарларында орточо республикалык көрсөткүчтөн ашты, ал эми ага карата минималдуу баалар Таласта (157.74 сом), Кара-Суу (157.76 сом) шаарларында жана Покровка айылында (163.88 сом) байкалды.

> Июнь айында пахта майынын баасы май айына салыштырганда Кербен шаарында – 10.9%га, Таласта – 9.7%га жана Жалал-Абад шаарларында – 7.2%га пайызга максималдуу өсүшү катталган.