> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# УБ кызматкерлеринин бир бөлүгүн аралыктан иштөөгө өткөрдү – COVID-19
- URL: https://im.kg/all/2021/07/02/ub-kyzmatkerlerinin-bir-b-l-g-n-aralyktan-isht-g-tk-rd-covid-19/
- Published: 2021-07-02T11:34:22.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:34.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу КРнын Улуттук банкы 2021-жылдын 2-июлунан тартып кызматкерлеринин бир бөлүгүн аралыктан иштөө режимине өткөрүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы кабарлады.**

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жана Өлкө аймагында COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана андан ары тарап кетүүсүнө бөгөт коюу боюнча республикалык штабдын сунуш-көрсөтмөлөрүнө таянып, КРнын Улуттук банкы 2021-жылдын 2-июлунан тартып кызматкерлеринин бир бөлүгүн аралыктан иштөө режимине өткөрүү чечимин кабыл алды.

> Ошол эле учурда КРнын мыйзамдары менен белгиленген Улуттук банктын ыйгарым укуктарынын жана иш милдеттеринин үзгүлтүксүз аткарылышын камсыз кылган иш процесстери штаттык режимде иштеп жаткандыгын банктан маалымдашты.

Бирок COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу иш-чараларынын алкагында, Улуттук банкта **жарандарды жеке кабыл алуу иши убактылуу токтотулду.** 

- Жарандардын кайрылуулары мыйзамда белгиленген тартипте каралат. Улуттук банктын ишине тиешелүү расмий маалымат [www.nbkr.kg](https://l.facebook.com/l.php?u=http%3A%2F%2Fwww.nbkr.kg%2F%3Ffbclid%3DIwAR3FkeArElyY1xp6iD-%5FG6py15iO%5FzZBw-%5FY1dLc8TW4dRFk3mPPYB89c-M&h=AT17mPKCnvJMNXnim1AEo8PwrZy71j0gT0q3V2P8HxB7xJoTKzNKNW7pppTorBLa4rGCOVcizDPPUNm696rzjQuWaNwBf5meJxjMKfWxMOdPqz9qGwXH7vT4j7MOo1Ozk9lM&%5F%5Ftn%5F%5F=-UK-R&c[0]=AT2xhNFDsFlpm9%5F4ACODJccTteBm%5F8PDe2WhnSxScD66oteWGSJvQV%5Ftq3NoTD5J1YIe824qPhpOW04qiYi0N8tozo3RbMkV%5FemOKOtM66LjZaY%5FsvtLViBHE0YP5-a96vlOcNLAz1tLl7QrS3iIv%5FNo3UsA3lLmOqhFdlMB2O%5FMz5qU%5FC4TCyOuSf2R05YekmoRRK6DhWKpCw) расмий интернет-сайтында жана социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жайгаштырылган. Бардык суроолор менен mail@nbkr.kg электрондук почтасы же 0312 61 04 86 телефону аркылуу коомдук кабылдамага кайрылууну сунушталат.