> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Ысык-Көл» аэропорту бүгүн Алматыдан алгачкы аба каттамын тосуп алат
- URL: https://im.kg/all/2021/07/02/ysyk-k-l-aeroportu-b-g-n-almatydan-algachky-aba-kattamyn-tosup-alat/
- Published: 2021-07-02T14:59:14.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:34.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Алматыдан Ысык-Көлгө жаңы каттам ачылууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.** 

> 2021 жылдын жай мезгилин утурлай «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту бүгүн, 2-июлда Алматыдан (Казакстан) алгачкы каттамды тосуп алмакчы. 

SCAT авиакомпаниясы Алматы **–** Тамчы **–** Алматы маршруттук багытындагы каттамды **жумасына 3 жолу –** дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү жүргүзүүнү пландоодо. **Учуу убактысы 40 мүнөт**.