> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жакында эмдөө пункттары супермаркеттерде жана дарыканаларда ачылат
- URL: https://im.kg/all/2021/07/02/zhakynda-emd-punkttary-supermarketterde-zhana-darykanalarda-achylat/
- Published: 2021-07-02T16:20:39.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:34.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесинде эмдөөгө көбүрөөк адамдарды тартуу үчүн, эмдөө пункттары супермаркеттерде жана дарыканаларда ачылаарын айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.**

> «Республикада эпидемиологиялык абал кескин начарлап жатат. Учурда жергиликтүү бийлик тарабынан эч кандай чектөө киргизилген жок, бирок зарылчылык болсо чектөө чаралары көрүлүшү мүмкүн. Жакын арада **1 млн 250 миң доза** кытай вакцинасы Кыргызстанга алынып келинет, андыктан **калкты эмдөө процессин** мүмкүн болушунча **тездетүү керек**. Көбүрөөк адамдарды камтуу абдан маанилүү. Бишкек шаарындагы вакцина борборлорунун күнү-түнү иштешин камсыз кылуу зарыл. Мындан тышкары, эмдөө пункттары супермаркеттерде жана дарыканаларда ачылат», – деди ал.

Штабдын отурумунан кийин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды: 

- дары-дармектердин жана медициналык багыттагы буюмдардын бааларына тийиштүү маалыматты дарыкана тармагына жана облустардагы жана шаарлардагы фармацевтикалык компаниялардын кампаларына киргизүү
- саламаттык сактоо уюмунун баштапкы звеносунун медициналык кызматкерлерин коронавирус инфекциясы менен ооруган адамдарды 5-клиникалык көрсөтмөгө ылайык, оорунун алдын-алуу, диагностикалоо жана дарылоо ыкмалары боюнча онлайн жана оффлайн режиминде окутууну улантуу
- Министрлер Кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен бирдикте тажрыйбалуу медицина кызматкерлерин тартып, тейлөө кызматкерлеринин санын көбөйтүү менен **118** кызматынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо
- Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте кызматка туташтыруучу линиялардын санын 25ке чейин жогорулатуу маселесин чечүү
- Министрлер Кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен бирдикте мобилдик бригадалардын үзгүлтүксүз ишин камсыздоо, керек учурда алардын санын жогорулатуу
- Үч күндүн ичинде Экономика жана Финансы министрлигине саламаттыкты сактоо уюмдары үчүн дары-дармектерди, медициналык багыттагы буюмдарды, жеке коргонуу каражаттарын сатып алуу үчүн зарыл болгон каражат жөнүндө сурам жөнөтүү
- Эпидемиологиялык кырдаалга жараша КЭРден келген вакцинаны региондор жана шаарлар боюнча пропорционалдуу бөлүштүрүү.