> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2020-жылы чакан жана орто бизнестин ишмердүүлүгү кыйла төмөндөгөн – Улутстатком
- URL: https://im.kg/all/2021/07/05/2020-zhyly-chakan-zhana-orto-biznestin-ishmerd-l-g-kyjla-t-m-nd-g-n-ulutstatkom/
- Published: 2021-07-05T14:54:56.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын аймактарында 2020-жылы 17 миң ишкана иштеп, анда 101 миңге жакын адам эмгектенген, бул 2019-жылга салыштырмалуу 6%га аз. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитетинин маалымат кызматы билдирди.** 

> Берилген маалымат боюнча, чакан жана орто ишкердик субъекттер тарабынан өндүрүлгөн кошумча дүң наркынын көлөмү 2020-жылы **231.3 млрд сом** өлчөмүндө түзүлдү жана бул мурдагы жылга салыштырмалуу дээрлик **13%га төмөн** болгон. Муну менен бирге, ИДПнын көлөмүндөгү анын үлүшү 4.2% пунктка кыскарган.

2021-жылдын 1-январына карата республикада статистикалык бирдиктердин Бирдиктүү мамлекеттик регистринин маалыматтары боюнча 419 миңге жакын жеке ишкерлер ишмердигин жүргүзүштү.

> 2020-жылы чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан дээрлик **58 млрд сомго** өнөр жай продукциясы өндүрүлдү же 2019-жылга караганда 4%га аз. 

Чакан жана орто ишкердик субъекттер тарабынан аткарылган подряддык иштердин көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 16%га кыскарды.

> Чакан жана орто ишкердик субъекттердин дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун көлөмү 2020-жылы 426 млрд жакын сомду түздү жана өткөн жылга салыштырмалуу 16%га төмөндөдү. Муну менен бирге, республика боюнча анын жалпы көлөмүндөгү чакан жана орто ишкердиктин соода жүгүртүүсүнүн үлүшүнө 81%ы туура келди, андагы негизги үлүш (47%дан ашык) жеке ишкерлерге туура келди.

Айыл чарбасында, анын ичинде дыйкан (фермердик) чарбаларында ишмердик жүргүзгөн чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан 2020-жылы 150.7 млрд сомго продукциялар өндүрүлгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 9%га көп.