> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 49 жеке ишкер жаңы жөнөкөйлөтүлгөн салык режимине өтөт
- URL: https://im.kg/all/2021/07/05/49-zheke-ishker-zha-y-zh-n-k-jl-t-lg-n-salyk-rezhimine-t-t/
- Published: 2021-07-05T15:53:37.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жаңы системасы 2021-жылдын 1-апрелинен тартып киргизилгенден баштап, 49 ишкер субъектилери бул жөнөкөйлөтүлгөн системага өтүү жөнүндө аймактык салык органдарына арыз беришти. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.**

Алардын ичинен 39 субъект – Бишкек шаарынын аймагында, 7 субъект – Чүй облусунун аймагында, Талас жана Нарын облустарында иш жүргүзгөндөр.

> Бул салык режими ишкердин ишин жеңилдетүүчү бир катар **артыкчылыктарга ээ**. Алсак, накталай формада төлөөдө аны колдонуунун биринчи жылында **«нөлдүк»** ставка, экинчи жылы – **1%,** үчүнчү жылы – **2%,** төртүнчү жылдан тартып – **3%** аныкталган. Накталай эмес формада төлөөдө салыктын ставкасы тиешелүү түрдө **50% га** азайтылат.

Ай сайын берилүүчү салык милдеттенмесин эсептөө салык органы тарабынан салык төлөөчүнүн онлайн-ККМдан алынган ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматтарынын негизинде жүргүзүлөт.

**Бул салык режиминин артыкчылыктары:**

- режимге ишмердиктин каалаган мезгилинде ыктыярдуу өтүү тартиби
- салык декларациясынан тышкары салык отчетун берүү зарылдыгынын жоктугу
- бухгалтердик эсеп жүргүзүү зарылдыгынын жоктугу
- ККМ-онлайндан алынган маалыматтар боюнча салыктык милдеттенме автоматтык түрдө түзүлгөндүгүнө байланыштуу **мобилдүү тиркемелер аркылуу салыкты оңой төлөө** мүмкүндүгү.

**Жөнөкөйлөтүлгөн салык режимине кантип өтсө болот?**

- Жөнөкөйлөтүлгөн системанын негизинде иштөөгө ниеттенген салык төлөөчү салыктык каттоо жери боюнча салык органына арыз берүүгө милдеттүү.
- Ошондой эле ал 2020-жылдын 24-июнунан тартып бекитилген жаңы техникалык талаптарга ылайык келген онлайн-ККМди милдеттүү түрдө колдонууга тийиш.
- Ошондой эле субъект КНС төлөөчүсү болбоого же соңку 12 айдын ичинде кирешесинин көлөмү КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн (8 млн сом) ашпоого тийиш.