> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эски ККМди колдонгондугу үчүн алты май куюучу бекетке айып пул салынды
- URL: https://im.kg/all/2021/07/05/eski-kkmdi-koldongondugu-ch-n-alty-maj-kujuuchu-beketke-ajyp-pul-salyndy/
- Published: 2021-07-05T13:26:21.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик салык кызматы контролдук иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 6 май куюучу жайга мунай заттарын сатуу тартибин бузгандыгы үчүн жалпы суммасы 210 миң сомго айып салды. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы кабарлады.** 

Ош шаары жана Ош облусунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө ыйгарым укуктуу салык органынын серверине реалдуу убакыт режиминде май куюучу жайларда сатылуучу отун жөнүндө фискалдык маалыматтарды берүү бузулган фактылар аныкталды.

> Алсак, «МПА» («НК Сервис» ЖЧК), «Ош ойл» («Транс Энерго компани» ЖЧК), «Кыргызстан» («Бек-Строй плюс» ЖЧК), «Россия нефть» («Россия нефть» ЖЧК), «Кыргыз Мунай» («БМ Энерджи» ЖЧК), «Памир-Алай» («Север-Югойл” ЖЧК) май куюучу жайлары сатылуучу товардын кодун (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду) онлайн-режиминде салык кызматына беришпегендиги аныкталган.

Эскерте кетсек, май куюучу жайлар 2020-жылдын 1-июлунан баштап «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун алкагында башкаруунун автоматташтырылган системасын жана сатылган күйүүчү май тууралуу маалыматты (аталышы, ЕАЭБ ТЭИ ТН коду, саны, 1 литр үчүн баасы, жалпы баасы) контролдук-кассалык чекте басып чыгаруу функциясы бар ККМди колдонууга тийиш, ошондой эле, бул маалыматтарды салык органына онлайн-режимде берүүлөрү зарыл.

> Май куюучу жайларда жеке ишкерге мунайзаттарды сатуу тартибин бузгандыгы үчүн 12.5 миң сом, юридикалык жакка – 35 миң сом өлчөмүндө айып салынат.

Салык кызматы күйүүчү май рыногунда эмгектенген ишкер субъектилерди ККМдин техникалык мүмкүнчүлүктөрүн талап кылынган ченемдерге ылайык иштөөгө чакырат.