> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Супермаркеттер кант менен өсүмдүк майынын бааларын төмөндөтүштү
- URL: https://im.kg/all/2021/07/05/supermarketter-kant-menen-s-md-k-majynyn-baalaryn-t-m-nd-t-sht/
- Published: 2021-07-05T11:07:11.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Народный», «Глобус» жана «Фрунзе» ири соода түйүндөрүндө шекердин жана күн карама майынын баалары арзандады. Бул тууралуу Мамлекеттик монополияга каршы агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.**

Мамлекеттик агенттиктин айтымында, соода түйүндөрү төмөнкү азыктарга бааларды көзөмөлдөөдө:

- кум шекер – 62-63 сомдон 55 сомго чейин арзандады
- күн карама майынын арзандатылган баасы – литри 15 сомдон 20 сомго чейин болууда

> «Базарларда ар түрдүү баалар байкалууда. Жакынкы күндөрү базарлар, башка соода түйүндөрү жана дүкөндөр монополияга каршы чаралар менен көзөмөлдөнүп баштайт», – деп кошумчалады мамлекеттик агенттик.