> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын транспорттук-логистикалык системасынын өнүгүү деңгээли эң төмөн
- URL: https://im.kg/all/2021/07/06/eaeb-lk-l-r-n-n-ichinen-kyrgyzstandyn-transporttuk-logistikalyk-sistemasynyn-n-g-de-geeli-e-t-m-n/
- Published: 2021-07-06T12:31:11.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:47:35.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Транспорттук-логистикалык системанын өнүгүү деңгээли боюнча Кыргызстан дүйнөнүн 160 өлкөсүнүн ичинен 108-орунда турат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) отчетунда айтылат.**

ЕАЭБ өлкөлөрү жалпысынан транспорттук-логистикалык системанын жетишсиз деңгээлде өнүккөн өлкөлөр тобуна киргенине карабастан, Кыргызстан ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн ичинен дагы эң начар көрсөткүчтөрдү берет.

> Казакстан 160 мамлекеттин ичинен 71-орунду, Россия 75-орунду, Армения 92-орунду, Беларуссия 103-орунду ээлейт.