> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мыйзам бузуулардан бюджетке кошумча 121 млн сом өндүрүлдү – Бажы кызматы
- URL: https://im.kg/all/2021/07/06/myjzam-buzuulardan-bjudzhetke-koshumcha-121-mln-som-nd-r-ld-bazhy-kyzmaty/
- Published: 2021-07-06T10:15:52.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бажы мыйзамдарын бузуудан өндүрүлгөн бюджетке түшкөн кошумча киреше алты айда 121 млн сомдон ашты. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.**

Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан 1301 укук бузуу фактысы аныкталган, анын ичинен:

- 1188 мыйзам бузуу иши козголуп, **5.1 млн сом** өлчөмүндө айып пул өндүрүлүп, **25.3 млн сом** өлчөмүндө бажы төлөмдөрү төлөнгөн
- Бажы кылмыштарынын фактылары боюнча, 113 материал тергөө органдарына өткөрүлүп берилген, алар боюнча келтирилген зыян **64.5 млн сом** өлчөмүндө өндүрүлгөн.

Бажы укук бузууларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында кошумча **26.3 млн сом** суммасында бажы төлөмдөр төлөнгөн.

> Бюджетке кошумча түшүүлөрдүн суммасы **62.4% га** же **46.5 млн сомго** көбөйгөн, эгерде 2020-жылдын 1-жарым жылдыгында кошумча түшүүлөрдүн суммасы 74.5 млн. сом болсо, отчёттук кварталда бул көрсөткүч **121.1 млн сомду** түздү.