> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк акча алмаштыруу, алтын куймаларды сатуу боюнча операцияларын убактылуу токтотот – COVID-19
- URL: https://im.kg/all/2021/07/06/uluttuk-bank-akcha-almashtyruu-altyn-kujmalardy-zhana-numizmatikalyk-baaluuluktardy-satuu-bojuncha-operaciyalaryn-ubaktyluu-toktotot-covid-19/
- Published: 2021-07-06T16:04:55.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:48:11.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин эскилиги жеткен акчаларды алмаштыруу, ошондой эле өлчөнгөн алтын куймаларды жана нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча операцияларды убактылуу токтотот. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы билдирди.** 

Эскерте кетсек, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жана өлкө аймагында COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана андан ары тарап кетүүсүнө бөгөт коюу боюнча республикалык штабдын сунуш-көрсөтмөлөрүнө таянып, Улуттук банк 2021-жылдын 2-июлунан тартып, кызматкерлеринин бир бөлүгүн аралыктан иштөө режимине өткөрүү чечимин кабыл алган болчу.

Ошондой эле Улуттук банкта **жарандарды жеке кабыл алуу иши да убактылуу токтотулган.**