> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоо аянттары көбөйдү
- URL: https://im.kg/all/2021/07/07/ajyl-charba-s-md-kt-r-n-ajdoo-ayanttary-k-b-jd/
- Published: 2021-07-07T10:52:09.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоо аянттарынын көбөйгөнү белгиленди. Мындай маалыматты Улутстатком билдирди.**

Айыл чарба өсүмдүктөрү айдалган жалпы айдоо аянты 2021-жылы **1 млн 200 миңден ашык гектарды** түздү, бул өткөн жылга караганда 0.2%га көп.

> Өсүү дан эгиндерин айдоо аянттарынын – 1.5%га, алардын ичинен буудай – 1.2%га, арпа – 2.3%га жана дандык жүгөрү – 0.7%га көбөйдү. Мындан тышкары, кант кызылчасын айдоо аянты – 22.8%га, жашылчалар – 2.7%га жана башка өсүмдүктөрдү айдоо аянты – 3.9%га **көбөйгөнү** байкалды.

Муну менен катар, май алына турган өсүмдүктөрдү айдоо аянттары – 12.9%га, пахта – 11.7%га, азык-түлүк бакча өсүмдүктөрү – 5.5%га, картошка – 1.8%га, ошондой эле тоют өсүмдүктөрүн айдоо аянттарынын – 0.5%га **азайганы** белгиленди.

Айдоо аянттарынын эң көп үлүшү Чүй облусунун чарбаларына – 34.2%, Ысык-Көл – 15.0%, Ош – 14.7%, Жалал-Абад – 12.8% жана Нарын облусунун чарбаларына – 9.0%ы туура келет.