> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ИИМ жарым жылда эле 906 каржылык пирамиданын бетин ачты
- URL: https://im.kg/all/2021/07/07/iim-zharym-zhylda-ele-906-karzhylyk-piramidanyn-betin-achty/
- Published: 2021-07-07T11:40:21.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын Ички иштер министрлиги алты ай ичинде каржы пирамидаларын уюштуруу боюнча 906 фактыны каттады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы кабарлады.**

Каржы пирамидалардын көпчүлүгү Ысык-Көл облусунда (886 факт) аныкталган. Ош шаарында – 16 иш катталса, Талас облусунда – 3, Баткенде – алардын саны бирди түзгөн. Анын ичинен 875 факт сотко жөнөтүлүп, 1 иш токтотулган.

> Жарандарга келтирилген материалдык чыгым **34.7 млн сомду** түзгөн.

ИИМ сизге жогорку киреше жана акча табуунун жеңил жолдору сунушталса, ага ишенбөөгө чакырат. Алдамчылар жакшы манипуляторлор, алар адамга психологиялык жана эмоционалдык жактан таасир эте билишет. Мындай иш-аракеттер КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренеси «Финансылык пирамидаларды уюштуруу» мыйзамына ылайык жазаланат.