> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытайдын каражатына Бишкектеги 60 көчө оңдолуп, 5 көпүрө курулат – мэрия
- URL: https://im.kg/all/2021/07/07/kytajdyn-karazhatyna-bishkektegi-60-k-ch-o-dolup-5-k-p-r-kurulat-meriya/
- Published: 2021-07-07T12:49:26.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кытай Эл Республикасы тарабынан каржыланган «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жалпы узундугу 70.87 км болгон 60 көчө оңдолуп, 5 көпүрө курулат. Бул тууралуу баш калаанын маалымат кызматы билдирди.**

Эскерте кетсек, Кыргызстандын жол-транспорт тармагынын эң ири тышкы донору болуп Кытай, тагыраак айтканда, **Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкы** эсептелет. Бул каржы институту «Түндүк – Түштүк», «Бишкек – Нарын – Торугарт», «Ош – Сарыташ – Эркештам» жолдорун кошкондо, **9** жол долбоорун каржылайт.

**Эксимбанктан** каржылоо насыялык негизде гана жүргүзүлөт (**1.1 млрд доллар**). Өз кезегинде, КЭР өкмөтү 102.9 млн долларлык грантты Бишкек шаарындагы көчөлөрдү оңдоо боюнча долбоорлорго берген болсо, «Ош – Эркештам» унаа жолун курууну биргелешип каржылоого макулдашкан.

> Жалпысынан 1992-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде Кыргызстандын жол-транспорт тармагына 2.68 млрд доллар тартылган, бул тышкы жардамдын жалпы көлөмүнүн 23.4%ын түзөт. Транспорт тармагына бөлүнгөн бул сумманын 405.56 млн доллары (15.1%) грант түрүндө, калган 2.27 млрд доллары насыя түрүндө келген.

Жолдорду оңдоо-куруу иштерине чет өлкөдөн берилген жардамдар тууралуу [бул шилтемеден](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/06/18/zholdorgo-berilgen-tyshky-nasyyalar-18-zhyldyn-ichinde-alyngan-2-68-mlrd-dollar-kayakka-sarptaldy/?fbclid=IwAR05c07gGAp38VWhMjR5YY2dKijdPUODhdI3qrE2cyJY-oFhgCGjxS5gQWo) окусаңыз болот.