> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Санариптик өнүгүү министрлигине он күндүн ичинде эмдөөдөн өткөндөр үчүн тиркеме иштеп чыгуу тапшырылды
- URL: https://im.kg/all/2021/07/07/sanariptik-n-g-ministrligine-on-k-nd-n-ichinde-emd-d-n-tk-nd-r-ch-n-tirkeme-ishtep-chyguu-tapshyryldy/
- Published: 2021-07-07T16:33:22.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:19:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Санариптик өнүгүү министрлигине он күндүн ичинде QR кодун колдонуу менен коронавирус вакцинасын алган жарандарды идентификациялоону камсыз кылган мобилдик тиркемени иштеп чыгып, ишке киргизүү тапшырылды.**

Мындай буйрукту министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова COVID-19 боюнча республикалык штабдын кезектеги отурумунда билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мындан тышкары, Бакашова мамлекеттик кызматкерлерге мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы санитардык-карантиндик посттордун ишин күчөтүү, убактылуу жана көчмө эмдөө пункттарынын үзгүлтүксүз иштешин уюштуруу жана Кытайдан келген вакциналардын партиясын калк арасында пропорционалдуу бөлүштүрүүнү камсыз кылуу тапшырмасын берди.