> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Транспорт, турак жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү жакындап калды – МСК
- URL: https://im.kg/all/2021/07/07/transport-turak-zhaj-zhana-zher-salyktaryn-t-l-m-n-t-zhakyndap-kaldy-msk/
- Published: 2021-07-07T12:37:39.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Транспорт, турак жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү жакындап калды. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы кабарлады.**

> Ведомстводон билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин 4-топтогу (транспорт каражаты) мүлк салыгын, 2-сентябрына чейин – турак үйлөр, батирлер (ишкердик иш үчүн колдонулбаган) жана жер салыктарын (үй алдындагы, короо жай жана багбанчылык-огороддук жер участоктору) төлөө зарыл.

Жарандар салык органына барбай эле өзү үчүн салык төлөөнүн ыңгайлуу ыкмасын тандай алышат. Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларында, почта бөлүмдөрүндө, ошондой эле төлөм жана жеке-терминалдар, мобилдик банкинг жана уюлдук тиркемелер, төлөм карталары же башка аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу төлөсө болот.

- Салыктын суммасын [www.sti.gov.kg](http://www.sti.gov.kg/) сайтынан электрондук калькуляторду пайдалануу менен (Электрондук сервистер – Электрондук жардамчылар жана калькулятор) өз алдынча эсептөөгө болот.
- Толук маалыматты 116 номери аркылуу же [www.sti.gov.kg](http://www.sti.gov.kg/) сайтынан алууга болот.