> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Шарджа – Бишкек – Шарджа туруктуу аба каттамы болот
- URL: https://im.kg/all/2021/07/08/shardzha-bishkek-shardzha-turuktuu-aba-kattamy-bolot/
- Published: 2021-07-08T13:05:52.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Манас» эл аралык аэропорту ААКсы Бишкек жана Шарджа (БАЭ) шаарларынын арасындагы туруктуу аба каттамын улантаарын кабарлады.**

Авиакаттам жумасына 3 жолу – шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылмакчы.

> Шарджа – Бишкек – Шарджа маршруттук каттамын Air Arabia (БАЭ) авиакомпаниясы 2021-жылдын 16-июлунан тартып ишке киргизмекчи. Учуу убактысы – төрт саатка жакын.

«МЭА» ААК учуулардын географиясын кеңейтүү жана жүргүнчүлөрдү ташууну көбөйтүү максатында жаңы авиакомпанияларды тартып , алар менен жаңы каттамдарды жүзөгө ашыруу боюнча иш жүргүзүүдө.