> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Биз жөн гана көрөлү дедик – президент талаш жараткан бейөкмөт уюмдардын отчет берүү боюнча мыйзамына комментарий берди
- URL: https://im.kg/all/2021/07/09/biz-zh-n-gana-k-r-l-dedik-prezident-talash-zharatkan-bej-km-t-ujumdardyn-otchet-ber-bojuncha-myjzamyna-kommentarij-berdi/
- Published: 2021-07-09T11:04:38.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:13:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров өкмөттүк эмес уюмдар өз каржы булагы жөнүндө отчет берүүгө милдеттендирилген «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга киргизилген талаштуу өзгөртүүлөргө комментарий берди. Ал бул тууралуу 24-июнда чет мамлекеттердин элчилери менен жолугушууда документке [кол коюудан](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/07/07/prezident-bej-km-t-ujumdardyn-otchet-ber-bojuncha-talashtuu-myjzamyna-kol-kojdu/) мурда айткан.**

Социалдык тармактарда таратылган, чет мамлекеттердин өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүлөрдүн фрагменттеринен турган [видеотасмада,](https://www.facebook.com/groups/httpst.metashievkamchybek/posts/938419046943574/) президент Франциянын элчиси Франсуа Делаус менен болгон сүйлөшүүдө, бейөкмөт уюмдар Батышта жана АКШда ачык-айкын иштеп жаткандыгын айткан. 

> «Акча кайдан келип, кайда кетип жаткандыгын билгибиз келет. Бул кылмыш эмес. Мейли, алар миллиарддаган долларларды алышсын, биз буга кубанычтабыз. Бирок акча кайда кеткенин көрсөтүү керек. Биз аларды куубайбыз, алардын артынан түшпөйбүз. Мыйзамда ушул жөнүндө гана айтылат. Ошондуктан трагедия кылуунун кереги жок», – деди ал.

Жапаровдун айтымында, Европа өлкөлөрү баары ачык-айкын болуш керек дегени менен, мыйзамга каршы, кош стандарттуу иш алып барышууда.