> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Centerra Gold компаниясынын акционерлеринин катарынан чыгууга ниеттенүүдө
- URL: https://im.kg/all/2021/07/09/kyrgyzstan-centerra-gold-kompaniyasynyn-akcionerlerinin-katarynan-chyguuga-nietten-d/
- Published: 2021-07-09T15:07:28.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан Centerra Gold Inc. компаниясынын акционерлеринин катарынан чыгуу ниетинде. Башкы прокуратура менен биргеликте «Кумтөр» долбоору боюнча бардык келишимдерди денонсациялоо жараяны башталды. Бул тууралуу кечээ, 8-июлда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдиргенин [24.kg.](https://24.kg/vlast/200352%5Fkyirgyizstan%5Fnachal%5Fprotsess%5Fdenonsatsii%5Fvseh%5Fsoglasheniy%5Fpokumtoru/) кабарлады.** 

Ташиевдин айтымында, өлкөнүн кызыкчылыгына жооп бербеген ички ченемдик укуктук актыларын жоюу процесси башталды.

> «Биз өкмөт менен 2009-жылы түзүлгөн келишимден чыгуу процессин баштадык. Бул кыргыз тараптын канадалык Centerra компаниясынын акционерлеринен чыгып кетишине алып келет. Учурда активдүү иштер жүрүп жатат», – деди ал.