> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда жайыттарды көзөмөлдөө боюнча мобилдик тиркеме пайда болду
- URL: https://im.kg/all/2021/07/09/kyrgyzstanda-zhajyttardy-k-z-m-ld-bojuncha-mobildik-tirkeme-pajda-boldu/
- Published: 2021-07-09T15:35:56.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча мобилдик тиркеме пайда болду. Ал Германиянын Эл аралык Кызматташтык Коомунун (GIZ) Кыргызстандын жаңгак токойлорунун биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча долбоорунун алкагында «CAMP Ala-Too» фонду тарабынан иштелип чыккан. Бул тууралуу долбоордун басма сөз кызматы билдирди.**

Бул тиркеме жайыттардагы өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү жана курамы жөнүндө толук жана заманбап маалыматтарды чогултууга мүмкүндүк берет. Ал эл аралык денгээлдеги [LandPKS](https://landpotential.org/mobile-app/) тиркемелеринин биринде негизделген.

> Жайыттарды көзөмөлдөө тиркемеси кыргыз, орус жана англис тилдеринде жана аны бул дарек боюнча <https://play.google.com/store/apps/details?id=kg.forestry> жүктөп алсаңыз болот.

Ал Кыргызстандын аймагында колдонууга ылайыкташтырылган, бирок келечекте аны Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүндө да колдонууга болот. «Жайыттарга мониторинг жүргүзүү» бөлүмүндө жүрүү оңой, анткени анда өсүмдүктөрдүн, бак-дарактардын, топурактын түрлөрүнүн жалпы мүнөздөмөлөрү камтылган. Берилген маалыматтарды графиктерден көрүүгө болот жана натыйжалар аймактар, райондор, участкалар жана мезгил жана жыл боюнча көрсөтүлөт.