> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жакынкы жылдары Кыргызстанда доллардын курсу 84-86 сомдун чегинде болот
- URL: https://im.kg/all/2021/07/09/zhakynky-zhyldary-kyrgyzstanda-dollardyn-kursu-84-86-somdun-cheginde-bolot/
- Published: 2021-07-09T17:00:03.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жакынкы жылдары сомдун наркы туруктуу болот. Кыргызстанда доллардын курсу 84-86 сомдун чегинде өзгөрүлүп турат. Бул тууралуу Евразия Өнүктүрүү Банкынын (ЕӨБ) жаңыланган макроэкономикалык божомолунда айтылат.**

> Базалык божомолдорго таянып, банктын эксперттери акча-кредит саясаты орто мөөнөттүү келечекте туруктуу болот деп күтүшүүдө. «Акча-кредиттик органдар алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн алдын алуу үчүн валюта интервенцияларын жүргүзүүнү улантат», – деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн, 9-июлга карата [valuta.kg ](https://valuta.kg/)порталынын берген маалыматына ылайык, борбор калаада америкалык валютанын орточо базардагы сатуу курсу 84.9 сомду түздү.