> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда дээрлик 4.5 млн адам айыл жергесинде жашайт – Улутстатком
- URL: https://im.kg/all/2021/07/14/kyrgyzstanda-deerlik-4-5-mln-adam-ajyl-zhergesinde-zhashajt-ulutstatkom/
- Published: 2021-07-14T15:46:00.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда калктын 66%ы айыл жергесинде жашайт. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитети билдирди.**

 2021-жылдын башында КРнын калкынын саны **6 млн 637 миң адамды** түзгөн. Ошол эле учурда, алардын басымдуу үлүшү айыл жеринде жашашат, бул жалпы калктын 66%ын түзөт, же **4 млн 354 миң** **адам**, ал эми шаар калкынын үлүшү үчтөн бир бөлүктөн көбүрөөк – 34%, же 2 млн 283 миң адамды түзөт. 

2020-жылы эркектерге караганда аялдардын саны басымдуулук кылган, бул жалпы республиканын калкы үчүн мүнөздүү. 2021-жылдын башында **эркектер – 3 млн 294 миң болсо** (49.6%), аялдардын саны – **3 млн 343 миңди** (50.4%) түзгөн. Бирок төрөт көп болгон региондордо (Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында) эркектердин саны аялдардын санынан ашат.