> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Божомолдор жакшы эмес – эксперттер Кыргызстандын экономикасынын жакынкы мезгилдеги тобокелчиликтерин аташты
- URL: https://im.kg/all/2021/07/16/bozhomoldor-zhakshy-emes-ekspertter-kyrgyzstandyn-ekonomikasynyn-zhakynky-mezgildegi-tobokelchilikterin-atashty/
- Published: 2021-07-16T11:41:00.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:27:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Евразия Өнүктүрүү Банкынын (ЕӨБ) эксперттери жаңы макроэкономикалык божомолунда Кыргызстандын орто мөөнөттүү келечектеги негизги тобокелдиктерин аташты.**

**Экономиканын калыбына келиши өтө жай жүрүшү мүмкүн,** бул биринчи кезекте, узакка созулган пандемиянын кесепетине байланыштуу. Дүйнөдөгү эмдөө процесси ар кандай жүрүп жаткандыгы глобалдык соода жана инвестициялоонун келечегине чоң таасирин тийгизет.

> «Республикада калкты эмдөө эми гана башталуу этабында, бул ишкердүүлүктүн жай калыбына келүү ыктымалдыгын жогорулатат», – деп божомолдоду ЕӨБ.

Мындан тышкары, региондогу коомдук-саясий чыңалуулар, ошондой эле айыл чарбасынын жана энергетика секторунун көрсөткүчтөрүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон суунун жетишсиздиги, кургакчылык чоң рол ойнойт.

- Ошондой эле **инфляциянын тездеп кетүү коркунучу** турат. Керектөө бааларынын индексинин өсүшүнүн басаңдашына карабастан, инфляция тобокелдиктери сакталып калууда. Дүйнөлүк транспорттук-логистикалык чынжырлар толук кандуу иштебей жатат, бул өндүрүүчүлөрдүн ишмердигине таасирин тийгизбей койбойт. Дүйнөдө өнөр жай өндүрүшүнүн калыбына келиши жарым-жартылай компоненттердин жетишсиздиги менен чектелүүдө. Бул керектөөчү суроо-талаптын өсүшү менен айкалышканда инфляциялык тобокелдиктерге алып келиши мүмкүн.
- Ошол эле учурда, **мамлекеттин карыз алуу мүмкүнчүлүгү чектелүү**. 2020-жылдын аягына чейин Кыргызстандын мамлекеттик карызы ЭВФтин стандарттары боюнча ИДПнын 60% деңгээлинде босогодон ашты, бул эми кредиттик ресурстарды тартуу чараларын гана калтырат. Бул орто мөөнөттүү келечекте ИДПнын өсүшүнө орточо таасирин тийгизип, экономиканын калыбына келүүсүн басаңдатат дешет банктын аналитиктери.