> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткендеги апаат –	селдин зыяны такталууда
- URL: https://im.kg/all/2021/07/21/batkendegi-apaat-seldin-zyyany-taktaluuda/
- Published: 2021-07-21T10:18:57.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен облусунда 19-июлда жүргөн селдин зыяны такталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматы боюнча, учурда аймакта тазалоо иштери уланууда жана ӨКМдин 52 куткаруучусу иштеп жатат.**

Эскерте кетсек, Баткен жана Лейлек райондорунун бир топ аймактарында [сел жүргөн](https://www.facebook.com/groups/847572868741762/posts/1913843275448044/). Жараталыш кырсыгында 16 жаштагы өспүрүм курман болгон. 

Лейлек районунун Ак-Терек айылында 25 турак үй, бир мектеп, бир бала-бакча жана бир мечиттин короосу, ички чарбалык жолдор жабыркаган. Андан сырткары Баткенде районундагы турак жайларды, мектепти жана бала бакчанын короосун [суу каптаган](https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/posts/4153741454715391).