> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРда пневмония оорусуна чалдыккандар өткөн жылга салыштырмалуу 24%га көбөйдү
- URL: https://im.kg/all/2021/07/21/krda-pnevmoniya-oorusuna-chaldykkandar-tk-n-zhylga-salyshtyrmaluu-24-ga-k-b-jd/
- Published: 2021-07-21T11:03:59.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Республикада пневмония оорусуна чалдыгуулар өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 24%га көбөйдү.** **Бул тууралуу Улутстатком билдирди.**

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда КРнын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин ыкчам маалыматтары боюнча, жалпы республика боюнча пневмония оорусуна чалдыгуулардын 16 миңден ашык учуру катталды, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салшытырмалуу 24.3%га көп.

> Өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу пневмония оорусуна чалдыгуулардын Нарын облусунда – 1.7 эсеге, Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында – 1.6 эсеге олуттуу көбөйгөнү белгиленди. Ошол эле учурда, оорулардын саны Баткен облусунда – 25.3%га жана Талас облусунда – 20.1%га төмөндөдү.

Пневмония оорусуна чалдыгуулардын жалпы санындагы эң чоң үлүшү Чүй облусуна – 20.3%, Жалал-Абад облусуна – 17.6% жана Ош облусуна – 15.1% туура келди.