> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда салыкчылар коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшүүдө
- URL: https://im.kg/all/2021/07/21/kyrgyzstanda-salykchylar-koronaviruska-karshy-emd-d-n-t-sh-d/
- Published: 2021-07-21T14:47:05.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 21-июлда Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтүштү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.** 

Эмдөөнү №10 үй бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери уюштурушту. Эмдөөнүн алдында ар бир кызматкердин ден соолугунун абалы текшерилди.

Эмдөөдөн аймактык салык органдарынын кызматкерлери да өтүшөт.

Ведомствонун борбордук аппаратында жана аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүндө эмдөө жүргүзүү кампаниясынын алкагында өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды турукташтыруу максатында коронавирустан иммунизациялоо зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.