> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандагы өнөр жай өндүрүшү төмөндөөдө
- URL: https://im.kg/all/2021/07/21/kyrgyzstandagy-n-r-zhaj-nd-r-sh-t-m-nd-d/
- Published: 2021-07-21T09:56:43.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Өлкөнүн өнөр жай өндүрүшү төмөндөөдө. Жарым жылдын ичинде Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 154 млрд сомду түзгөн жана бул өткөн жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 10.6% га аз. Мындай маалыматтарды Улуттук статистикалык комитет билдирди.**

Өндүрүш тармагында 16.2% төмөндөө байкалган. Тоо-кен тармагы, электр энергиясы, газ ошондой эле суу менен камсыздоо, тазалоо, таштандыларды тазалоо жана экинчи чийки заттарды өндүрүү, тескерисинче, 2.1%га, 6.1%га жана 44.3%га өскөн.