> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткандарга мамлекет колдоо көрсөтөт – президент
- URL: https://im.kg/all/2021/07/21/zharatylysh-kyrsyktarynan-zhabyr-tartkandarga-mamleket-koldoo-k-rs-t-t-prezident/
- Published: 2021-07-21T15:01:53.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:55:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетине табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырып жатып, бардык жабыр тарткандарга мамлекет тарабынан тиешелүү колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.**

Өлкө жарандарынын ден соолугу менен өмүрүнүн жана алардын мүлктөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сел, жер көчкү жана башка процесстер жүрүшү мүмкүн болгон кооптуу аймактарга туруктуу мониторинг жүргүзүп, көзөмөл кылуу зарыл.

> Ошону менен бирге Министрлер Кабинетине Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы селдин кесепеттерин жоюу иштерин активдештирүү тапшырылды.

Ошондой эле президент табигый кырсыктын кесепетинен каза болгондор менен жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аларга тиешелүү жардамдар көрсөтүлөөрүн белгиледи.