> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жарасул Абдураимов Экономика жана финансы министринин орун басары болуп дайындалды
- URL: https://im.kg/all/2021/07/22/ekonomika-ministrinin-orun-basary-almashty/
- Published: 2021-07-22T16:04:48.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:55:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон буйрукка ылайык, Абдураимов Жарасул Осмоналиевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, КРнын Экономика жана финансы министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.**

> «Белгилей кетсек, Жарасул Абдураимовду жаңы кызматка дайындоо тууралуу чечим анын өнөр жай секторундагы бай тажрыйбасын эске алуу менен кабыл алынган, мурда ал бир катар өнөр жай объектилерин жетектеп келген», – деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген Жарасул Абдураимов 1960-жылы 23-февралда Ош облусунун Алай районунда туулган. Абдураимов жеке ишкер, Нанотехнология институтунун башчысы, Футзал федерациясынын президенти кызматтарын да аркалап келген.