> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери бир жылда 4.3%га көтөрүлдү
- URL: https://im.kg/all/2021/07/22/kalkka-k-rs-t-lg-n-kyzmattardyn-tarifteri-bir-zhylda-4-3-ga-k-t-r-ld/
- Published: 2021-07-22T17:15:43.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ɵткөн жылдын июнь айына салыштырмалуу калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери 4.3 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улутстатком кабарлады.**

> Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда жалпы республика боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин жогорулашы 1.2%ды түздү. 

Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүдө (6.7%), кызмат көрсөтүүлөрдүн турак жайларды күнүмдүк күтүү жана оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнө (5.9%), кийим тигүү кызматтарына (4.3%), жеке транспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча (3.8%), амбулатордук кызмат көрсөтүүсүндө (2.7%), маданий иш-чараларды уюштурууда (2.5%), чачтарач кызмат көрсөтүүлөрүндө (1.6%), транспорт кызматтары (1.5%), мейманкана тейлөөсүндө (1.5%) тарифтердин олуттуу өсүшү катталды.