> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кумтөр» ишканасынын алтын ылгоо фабрикасы пландык ремонтко байланыштуу токтотулат
- URL: https://im.kg/all/2021/07/22/kumt-r-ishkanasynyn-altyn-ylgoo-fabrikasy-plandyk-remontko-bajlanyshtuu-toktotulat/
- Published: 2021-07-22T17:54:13.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:22:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылдын 23-июлунан 30-июлуна чейин «Кумтөр» ишканасынын алтын ылгоо фабрикасы жыл сайын пландык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн убактылуу токтотулат. Мындай маалымат «Кумтор Голд Компанинин» маалымат сайтында жарыяланды.**

Алтын ылгоо фабриканын менеджери Нурдин Усенов үч тегирмендин ички сегменттеринде футеровкалар алмаштырылаарын, ширетүү жана башка оңдоо иштери жүргүзүлөрүн кабарлады.

> «Жалпысынан, зарыл болгон оңдоп-түзөө жана тетиктерди алмаштыруу иштерин жүргүзөбүз. Эгерде, бардык пландалган иштер белгиленген мөөнөттөн эрте аяктаса, анда фабрика 29-июлдан тартып иштей баштайт», – деди Нурдин Усенов.

Фабрикада оңдоо иштери жүрүп жатканда, кенде тоо жумуштары кадимки тартипте улана берет.