> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Министрликтер Германиянын компаниялары менен онлайн режиминде жолугушууларды өткөрөт
- URL: https://im.kg/all/2021/07/22/ministrlikter-germaniyanyn-kompaniyalary-menen-onlajn-rezhiminde-zholugushuulardy-tk-r-t/
- Published: 2021-07-22T10:18:20.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:47:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**20-июлда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Германиянын экономикалык өнүгүүсүнө жана тышкы экономикалык байланыштарына көмөктөшүү боюнча Федералдык Союздун мамлекеттик органдары менен байланыштар боюнча директору Урс Ункауф менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Тараптар КР менен Германиянын 2000 жакын ири жана орто компаниялары мүчө болгон жогоруда аталган Федералдык Союздун ортосунда кызматташтыкты орнотуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык чөйрөлөрдө, ошондой эле санариптештирүү жаатында өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

> Жолугушуунун жыйынтыгында, Кыргызстандын кызыкдар министрликтери, ведомстволору менен Федералдык Союздун мүчө компанияларынын ортосунда онлайн жолугушууларды уюштуруу түрүндөгү өз ара кызматташтыкты улантуу тууралуу макулдашылды.