> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ОКӨФ Ысык-Көлдө жаңы ачылган канаттуулар фабрикасына 3.5 млн. доллар инвестиция салды
- URL: https://im.kg/all/2021/07/22/orus-kyrgyz-n-kt-r-fondu-ysyk-k-ld-zha-y-achylgan-kanattuular-fabrikasyna-3-5-mln-dollar-investiciya-saldy/
- Published: 2021-07-22T11:40:32.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:10:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ысык-Көлдө жаңы ачылган «АГРО КУШ» ЖЧКсына Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан келген инвестициялардын жалпы көлөмү 3.5 млн долларды түздү. Мындай маалыматты фонддун маалымат кызматы билдирди.** 

Эскерте кетсек, кечээ, 21-июлда Ысык-Көлдө «АГРО КУШ» канаттуулар фабрикасынын ачылышы болуп өткөн жана аталган фабрика адал стандарттарына ылайык, эттүү тукумдагы бройлер тоокторун көбөйтүүгө жана багууга, андан кийин союуга, кайра иштетүүгө адистешкен.

> Долбоор КРда канаттуулар эти менен импорттун ордун алмаштырууну камсыз кылууга багытталган. Өнөр жай комплекси жылына **7900 тонна** канаттуулардын этин өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Келечекте, долбоор республиканын импортко болгон муктаждыгынын 50%га чейин жабууга ниеттенүүдө, же жылына 22.5 миң тонна канаттуулардын этин өндүрүүнү көздөөдө.

Долбоорду ишке киргизүүнүн натыйжасында, жергиликтүү калктан **250 адам** өнөр жай комплексинде жумуш менен камсыз болушкан.

> Жергиликтүү өндүрүш пландалган кубаттуулугуна жеткенде, КРдан акча каражаттарынын агып чыгышы болжолдуу **11 млн долларга кыскарат** деп билдиришти Фонддон.