> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк коммерциялык банкты насыя алуучулардан туумдарды өндүргөнү үчүн айыптады
- URL: https://im.kg/all/2021/07/22/uluttuk-bank-kommerciyalyk-bankty-nasyya-aluuchulardan-tuumdardy-nd-rg-n-ch-n-ajyptady/
- Published: 2021-07-22T15:48:34.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:45:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк коммерциялык банктардын бирине насыя келишимдери боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткарбаганы үчүн насыя алуучулардан туумдарды өндүрүп алганы үчүн айып пул салды. Бул тууралуу регулятордун басма сөз кызматы билдирди.**

Улуттук банктын талаптарын бузган кайсы каржы мекемеси экени УБтын сайтында айтылган эмес.

> Эске салсак, Улуттук банктын 2020-жылдын 18-мартындагы «COVID-19 пандемиясына байланыштуу финансылык-кредиттик уюмдардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелери жөнүндө» токтомуна ылайык, коммерциялык банктарга насыялык келишимдерде каралган милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн насыя алуучуларга айып пул салууга жана өндүрүп алууга тыюу салынган.