> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЖБӨнүн 1000ге жакын кызматкери «Санарип Аймак» системасы боюнча окуудан өтүштү
- URL: https://im.kg/all/2021/07/22/zhb-n-n-1000ge-zhakyn-kyzmatkeri-sanarip-ajmak-sistemasy-bojuncha-okuudan-t-sht/
- Published: 2021-07-22T17:37:51.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын июнь-июль айларында өлкөнүн муниципалитеттеринин 966 кызматкери «Санарип Аймак» автоматташтырылган маалымат системасы боюнча окуудан өтүштү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.**

Тренингдер КРнын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттиги тарабынан Бишкектеги ЕККУ Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулду.

> «Санарип аймак» системасын киргизүүнүн негизги максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун, кабыл алынуучу чечимдердин сапатын жогорулатуу жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат алууда бюрократиялык жана кагаз убаракерчиликтериин жоюу болуп саналат деп билдиришти министрликтен.

«Санарип Аймак» – бул айыл өкмөтүнүн паспорту, чарбалык китептерди түзүү процессин автоматташтыруу, ички миграцияга мониторинг жүргүзүү, бизнес-процесстерди жөнөкөйлөтүү, муниципалдык кызмат көрсөтүүнү электрондук форматка которуу, актуалдуу маалыматтар жана автоматтык түрдө статистика, отчетторду түзүү болуп саналат.

> Бүгүнкү күндө системада 1 649 562 жашоочулар, 488 831 үй чарбасы боюнча каттоо жүргүзүлөн.

«Санарип Аймак» системасы КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан.