> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕРӨБ КРнын алыскы аймактарындагы чакан бизнестерге 2 млн доллар насыя берет
- URL: https://im.kg/all/2021/07/23/er-b-krnyn-alysky-ajmaktaryndagy-chakan-biznesterge-2-mln-dollar-nasyya-beret/
- Published: 2021-07-23T10:52:13.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы (ЕРӨБ) Кыргызстандын алыскы аймактарындагы чакан бизнестерге насыя берүү үчүн «Байлык Финанс» микрокредиттик компаниясына 2 млн доллар насыя бөлөт.** 
  
ЕРӨБдүн маалыматы боюнча, насыя «Байлык Финанс» компаниясына жаңы кардарларды тартууга басым жасап, өлкөнүн алыскы аймактарында жайгашкан насыя алуучулар үчүн каржылоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.  
  
ЕРӨБ «Байлык Финанс» микрокредиттик компаниясы учурда Кыргызстандагы үчүнчү ири микрофинансылык уюм экендигин кошумчалады. 2021-жылдын март айынын акырына карата анын таза насыялары дээрлик **23 млн долларды** түзүп, ал эми жалпы активдери болсо **27 млн доллардан** ашкан.