> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Израиль өзүнүн жарандарына КРга келишине тыюу салды
- URL: https://im.kg/all/2021/07/23/izrail-z-n-n-zharandaryna-krga-kelishine-tyjuu-saldy/
- Published: 2021-07-23T17:42:22.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Израиль коронавируска байланыштуу өз жарандарынын Кыргызстанга келүүсүнө тыюу салды. Бул тууралуу [newsru.co.il](https://www.newsru.co.il/) порталы билдирди.**

Ошондой эле кызыл тизмеге Аргентина, Бразилия, Түштүк Африка, Индия, Россия, Мексика, Беларуссия, Өзбекстан, Испания кирет. Кийинки жумадан баштап анын курамын Улуу Британия, Грузия, Кипр жана Түркия толуктамакчы.

> Белгилей кетсек, кечээ, 22-июлда эле КР 60 күнгө чейин **визасыз режим киргизилген мамлекеттердин тизмесине Израилди да кошкон болчу.** 

Эскерте кетсек, визасыз кирүүгө уруксат берилген тогуз жаңы өлкөнүн катарында Албания, Болгария, Вьетнам, Кипр, Түндүк Македония, Румыния, Таиланд, Мексика да бар.