> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ОКӨФ бизнести түз каржылоо жумушун жандандыргандан кийин алгачкы эки насыясын берди
- URL: https://im.kg/all/2021/07/23/ok-f-biznesti-t-z-karzhyloo-zhumushun-zhandandyrgandan-kijin-algachky-eki-nasyyasyn-berdi/
- Published: 2021-07-23T11:13:24.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:11:08.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду (ОКӨФ) түз каржылоо ишин калыбына келтиргенден кийин алгачкы эки насыясын берди. Эскерте кетсек, 2020-жылдын октябрь айында КРдагы саясий окуяларга байланыштуу Россия тараптын демилгеси менен каржылоо иштери токтотулган болчу.**

Акыркы 9 айда буга чейин жактырылган гана долбоорлор каржыланган. ОКӨФ ишин жандандыргандан бери биринчи насыяларды **«Ак-Бата»** жана **«Семейные Традиции»** компаниялары алышты. 

Бөтөлкөдөгү сууларды жеткирүүчү «Ак-Бата» компаниясы тейлөө борборун куруу, кампаларды кеңейтүү жана диспенсерлерди сатып алуу үчүн **1.8 млн доллар** алат. Сүт азыктарын өндүрүүчү«Семейные Традиции» компаниясына даяр продукциясын Россияга, Казакстанга жана андан ары экспорттоого өндүрүштү кеңейтүү үчүн насыя берилди. Бирок берилген насыянын көлөмү тууралуу маалымат жок.