> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токтогул суу сактагычындагы суу мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла аз – Энергетика министрлиги
- URL: https://im.kg/all/2021/07/23/toktogul-suu-saktagychyndagy-suu-murdagy-zhyldarga-salyshtyrmaluu-kyjla-az-energetika-ministrligi/
- Published: 2021-07-23T17:59:53.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:33:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев Токтогул, Үч-Коргон, Шамалды-Сай, Күрпсай ГЭСтериндеги жана Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.**

Министрдин орун басары техникалык кызматкерлер менен кеңешме өткөрүп, Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү иштери менен таанышты.

> Министрлик учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 11 млрд кубометрден ашканын билдирди. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир кыйла **төмөн.** 

Ошол эле учурда суунун деңгээли жаз мезгилине салыштырмалуу жогорулаган. Министрликтин алдын-ала божомолуна ылайык, 1-октябрга карата бул көрсөткүч 13.2 млрд кубометрге чейин көтөрүлөт. 

> Белгилей кетүүчү нерсе, Энергетика министрлигинин божомолу ишке ашса деле, суу сактагычтагы суунун көлөмү 2020-жылдын октябрь айына салыштырмалуу **2 млрд кубометрге аз болот.** 

Кыргызстан бир нече жылдан бери суунун жетишсиздиги көйгөйүн тартып келет. Токтогулдагы суунун азайышы менен байланышкан электр энергиясынын тартыштыгынан республика коңшулардан бул жаатта жардам алууга аргасыз болуп келет. 

> Буга байланыштуу Кыргызстан Өзбекстан жана Казакстан менен электр энергиясын алмашуу боюнча келишим түзүп, ошондой эле Түркмөнстандан электр жана газ жеткирүү боюнча макулдашты.