> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны 2.5 эсеге көбөйдү
- URL: https://im.kg/all/2021/07/24/koronavirus-infekciyasy-menen-oorugandardyn-sany-2-5-esege-k-b-jd/
- Published: 2021-07-24T10:30:35.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын июнь айында коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны өткөн айга салыштырмалуу 2.4 эсеге көбөйдү**. **Мындай маалыматты Улустатком берди**. 

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматтары боюнча үстүбүздөгү жылдын июнунда жалпы республика боюнча коронавирус инфекциясы (COVID-19) оорусу менен лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган **22.6 миңден** ашык учурлары катталган.

> Июнда калктын 100 миңине алганда, майга салыштырмалуу ооругандардын саны – **2.4 эсеге**, ал эми апрель айына салыштырмалуу – **3.0 эсеге** көбөйгөн.

Июнь айында коронавирус инфекция оорусу менен катталган учурлардын (47% жакыны) Бишкек шаарына, ал эми (18% жакыны) Чүй облусуна туура келди.