> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик башкаруу алдындагы «Ысык-Көл Аврора» санаторийинин ижарачыларынан 2013-жылдан бери акы алынбай келет
- URL: https://im.kg/all/2021/07/24/mamlekettik-bashkaruu-aldyndagy-ysyk-k-l-avrora-sanatorijinin-izharachylarynan-2013-zhyldan-beri-aky-alynbaj-kelet/
- Published: 2021-07-24T18:17:03.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:52:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2013-жылдан бери «Ысык-Көл Аврора» санаториясынын ижарачыларынан жер тилкелери үчүн ижара акысы алынбай келет. Бул тууралуу «Ысык-Көл Аврора» мамлекеттик ишканасынын 2019-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгынан кийин белгилүү болгонун Эсеп палатасы билдирди.**

Көзөмөлдөөчү органдын маалыматына таянсак, бул жер тилкелеринин аянты **2 гектарды** түзөт жана жалпы аянты **6.5 миң чарчы метрди** түзгөн 14 коттедж бар.

> Аудиттик иштер көрсөткөндөй, коттедж үйлөрдүн ижарачыларынан жыл сайын **900 миң сомдон 2.4 млн сомго** чейин ижара акы алынбайт. Жалпысынан, ижарачылардын төлөө тартибинин начарлашы жана **14.9 млн сом** суммасындагы карыздар боюнча туумдар төлөнбөй калган.

Белгилей кетсек, мындай башкаруу улутташтырылган мүлктүн аянты 7.44 га жана инженердик курулмалар **142 млн сомго** жер түрүндө жоголуп кетүү коркунучуна алып келген. Ушундай эле тобокелдиктер мамлекеттин көзөмөлүндөгү башка объектилерде дагы катталат.