> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин саммити Түркмөнстанда өтөт
- URL: https://im.kg/all/2021/07/26/borbor-aziya-lk-l-r-n-n-prezidentterinin-sammiti-t-rkm-nstanda-t-t/
- Published: 2021-07-26T10:53:38.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусу 6-августта Түркмөнстанда өтөт. Бул тууралуу Өзбекстан менен Түркмөнстандын президенттеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө белгилүү болду.** 

Президенттер Борбор Азия аймагынын мамлекет башчыларынын «Аваза» улуттук туристтик аймагында өтүүчү жолугушууга даярдык көрүү маселесин талкуулашты. 

Мирзиеев менен Бердимухамедов алдыдагы иш-чаранын күн тартиби жана программасы боюнча пикир алышты. 

Белгилей кетсек, Консультативдик жолугушуу былтыр Бишкекте өтмөк, бирок пандемияга байланыштуу иш-чара кийинкиге калтырылган.