> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияда 112 млн сомдук курулуш жүрүп жатат
- URL: https://im.kg/all/2021/07/26/cholpon-atadagy-mamlekettik-rezidenciyada-112-mln-somduk-kurulush-zh-r-p-zhatat/
- Published: 2021-07-26T14:23:51.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденцияда эки айдан бери конференц-зал курулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда белгилүү болгонун [24kg](https://24.kg/vlast/202112%5Fvgosrezidentsii%5Fvcholpon-ate%5Fstroyat%5Fkonferents-zal%5Fza112%5Fmillionov%5Fsomov/) кабарлады.**

> Долбоордун жалпы суммасы **112 млн сомду** түзөт. Экономика жана каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөковдун айтымында, анын жарымын Россия каржылап жатат. РФ Кыргызстанга конференц-залдын курулушуна жана телекоммуникациялык, видеобайкоо жабдууларын сатып алууга **44.5 млн сом** грант бөлгөн.

Конференц-зал 300 адамга эсептелген жана Бишкектеги «Ала-Арча» резиденциясындагы конгресс-холлго окшош болот. Жыйындар залы 15-августта пайдаланууга берилмекчи.