> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эми соттолбогондугу тууралуу маалымкатты КТБдан алууга болот
- URL: https://im.kg/all/2021/07/26/emi-sottolbogondugu-tuuraluu-maalymkatty-ktbnan-aluuga-bolot/
- Published: 2021-07-26T10:42:17.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылдын 26-июлунан баштап жарандар соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалымкатты жана жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча арыздарды Бишкек шаарынын Калкты тейлөө борборлорунан алса болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады.**

Берилген маалыматка ылайык, бул кызмат борборунун калкты тейлөө борборлорунда ачылышы арыз берүүчүнүн убактысын үнөмдөп, ыңгайлуу шарттарды түзөт. Анткени соттолгондугу же соттолбогондугу маалымкат көп тармактарда талап кылынуучу зарыл документ болуп саналат.

> Толтурулган өтүнмө ИИМге жөнөтүлөт жана 7 күндөн кийин документти **Курманжан Датка көчөсү, 115 дареги** боюнча ИИМдин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын кызматтарды көрсөтүү борборунан алууга болот.

Эгерде маалымкат шашылыш түрдө керек болсо, анда акы төлөнүүчү негизде 1-3 күндүн ичинде да алууга болот.

Эскерте кетсек, аталган документти ИИМге барып отурбастан, Бишкектеги КТБда «өзүн-өзү тейлөө зоналарындагы» <https://portal.tunduk.kg/> электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн порталы аркылуу да алууга болот.