> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕРӨБ КРга 33 млн евро насыя берет
- URL: https://im.kg/all/2021/07/26/er-b-krga-33-mln-evro-nasyya-beret/
- Published: 2021-07-26T13:42:50.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстанга жалпы наркы 33 млн евро насыя берет. Бишкек шаарынын вице-мэри Максат Сазыкуловдун берген маалыматына ылайык, насыяга Европада жасалган, жаратылыш газы менен жүрүүчү 250дөн 350гө чейин автобус сатылып алынат.**

Министрлер кабинети менен ЕРӨБдүн ортосунда түзүлгөн келишим ЖКнын Бюджет жана финансы комитетинде колдоо тапканын[ Азаттыктан](https://www.azattyk.org/a/31377127.html) билдиришти. 

> Долбоордун жалпы наркы **33 млн еврону** түзөт, анын **25 млн евросу** насыя түрүндө, **8 млн евро** гранттык жардам жана 1.7 млн евро техникалык жардам катары бекер берилет. Насыя 1% менен 12 жылга, анын 3 жылы жеңилдетилген мөөнөт менен берилүүсү пландалууда.

Жогорку Кеңеш келишимди ратификациядан өткөрүүнү сентябрда карайт.