> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Коронавирустун үчүнчү толкуну туу чокудан өттү
- URL: https://im.kg/all/2021/07/26/koronavirustun-ch-nch-tolkunu-tuu-chokudan-tt/
- Published: 2021-07-26T11:44:26.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда коронавирус жана жугуштуу пневмония менен оорунун үчүнчү толкуну туу чокудан өттү. Бул тууралуу [24.kg](https://24.kg/obschestvo/202087%5Fpik%5Fproyden%5Fvminzdrave%5Fprokommentirovali%5Fspad%5Fzabolevaemosti%5FCOVID-19/) маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.**

Акыркы күндө вирус менен катталгандардын саны 1000 ден аз болууда. Бейшеналиевдин айтымында, оорунун төмөндөшү дагы уланат.

> «Азыр биз балдардын сентябрь айында салттуу түрдө мектепке келиши үчүн эмдөөдөн өтүүгө шашып жатабыз. Ошондой эле эмдөөдөн өтүүгө дем берүүчү жаңы ыкмалар менен иштөөдөбүз. Мисалы, эмдөөдөн өткөндөргө 10 гигабайт интернет бонусу берилет. Кафе жана ресторандар эмдөөдөн өткөн зыяратчыларга жеңилдиктерди берүүсү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Тамак-аш тейлөө түйүндөрү мындай чараларга макул. Кантсе да, алар дагы кадимкидей иштегиси келет», – деди Бейшеналиев.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы узак мөөнөттүү божомол боюнча, баары эмдөө ылдамдыгынан көз каранды экендигин белгиледи. «Эгерде биз баарына эмдөө жүргүзсөк, анда бул жыл төртүнчү толкунсуз өтөт», – деп кошумчалады ал.