> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРда дээрлик 20 миң ишкердик субъект маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар ККМди колдонот
- URL: https://im.kg/all/2021/07/26/krda-deerlik-20-mi-ishkerdik-subekt-maalymattardy-onlajn-rezhiminde-ber-funkciyasy-bar-kkmdi-koldonot/
- Published: 2021-07-26T14:41:57.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:59:08.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүнкү күндө КРнын аймагында 19 923 ишкердик субъект маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонушат. Бул тууралу МСКнын маалымат кызматы кабарлады.**

Анын ичинде «ККМ онлайн» автоматташтырылган маалыматтык системасында **18 117 ККМ** онлайн, фискалдык маалыматтардын операторлору аркылуу 1 806 ККМ катталган.

Ошол эле учурда онлайн функциясы жок 1 850 ККМ издөө жана каттоодон чыгаруу стадиясында турат.

> КРнын аймагында 2021-жылдын 1-июлунан тартып ККМди колдонуу жаңы стандарттар боюнча жүргүзүлүп жаткандыгын Салык кызматы эскертет. Көрсөтүлгөн датадан тартып реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды берүү функциясы жок жана салык органдарында катталган ККМдин эски үлгүлөрүн колдонууга болбойт.

Жаңы стандарттарга жооп берген ККМди **ишмердиктин белгилүү бир түрүн ишке ашырган** субъекттер, ККМди колдонуудан **бошотулгандардын тизмесине киргизилген** субъекттер, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында **патенттин негизинде** ишмердиктин белгилүү бир түрлөрүн ишке ашыруучу субъекттер колдонушат.