> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Silk Way» логистикалык борбору 31-августта ачылат
- URL: https://im.kg/all/2021/07/26/silk-way-logistikalyk-borboru-31-avgustta-achylat/
- Published: 2021-07-26T10:10:28.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Silk Way» логистикалык борбору Кыргызстандын 30-жылдык эгемендүүлүгүнө карата 31-августта ачылат. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.**

24-июлда Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Чүй облусундагы жаңы «Silk Way» логистикалык борборунун курулушунун жүрүшү менен таанышып чыкты.

> «Индустриалдык парктын ачылышынын маанилүүлүгү – анын көп функционалдуу болушунда камтылган. Бажы брокерлери жана кампа жайлары борбордоштурулат, тагыраак айтканда, бизнесмендер жана ТЭИ катышуучулары бардык кызматтарды бир жерден ала алышат, бул алардын иш жүргүзүүсүн кыйла жеңилдетет. Албетте, бул мамлекеттик казынага акча каражаттарынын түшүүсүн жогорулатат жана ушул улуттук долбоор иштеп баштаганда «ЮниЛаб» жана «БТС» терминалдарынын иштөөсү токтотулат», – деп айтты Исабеков.

Ири улуттук индустриалдык парктын ачылышы Кыргызстандын 30-жылдык эгемендүүлүгүнө карата 31-августка пландалган.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/07/IMG_2156-1024x683.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/07/IMG%5F2156-scaled.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/07/IMG_2171-1024x683.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/07/IMG%5F2171-scaled.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/07/IMG_2087-1024x683.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/07/IMG%5F2087-scaled.jpg)